Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтү

Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтү

Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтү

Айыл өкмөтүнүн тарыхы

Айыл өкмөтүнүн тарыхы Араван районуна караштуу Чек-Абад айыл өкмөтү 1996-жылдын 16-майында түзулгөн. Айыл өкмөтунүн карамагына 8 айыл кирет. Райондук борбордон 6 км алыстыкта жайгашкан. Калкынын саны 17476 адам. Кожолуктун саны 3090. Чек-Абад айыл өкмөтү республикасынын түштүк тарабында жайгашкан, жалпы аянты 110,85 миң км². Айыл аймагын коңшу Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун Мархамат району менен чектешет.

Айыл өкмөтүнүн аймагында эки Сахий-Даря жана Кызыр-Абад СПА лары иш алып барат. Алар 64,2 км ички арык каналдарды тейлейт. Бардык агын суулар негизинен талаачылык иштерине жумшалат. Агын суулардын негизги булагы Папан суу сактагычы болуп Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында жайланышкан. Айыл аймагынын суу келүүчү каналдар Ак-Бура каналы 14 км Араван Сай каналы 16 км.

​Айыл чарба продукцияларынын экпорту боюнча токтолсок, негизги продукциялар болгон пахта экстпорттолот жана гилас, курма, гүрүч Россия, Казакстан жана Турция мамлекеттерине экспорттолот.

1996-1997-жылдары айыл өкмөтту Романов Темирбай жетектеген, ал эми
1997-2001-жылдары Тургунов Сохобиджон Арипжанович, 2001-2011-жылга чейин Мамиров Муктар Гапирович, 2011-жылдан 2022-жылга чейин
Эргашев Рафикжан Колдошович, ал эми 2022-жылдын мартынан бүгүнкү күнгө чейин Колдошв Жээнбек Исламович жетектеп келет. (2024-жыдын 29-июлу)
Айыл өкмөтүндө 13 балдар бакчасы жаш өспүрүмдөрдү тарбиялайт, 1 жатак мектеп, 3 орто мектеп, 1 негизги мектеп, 1 техникалык лицей балдарга билим берет.
Scroll to Top