Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтү

Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтү

Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтү

Жаңылыктар

Балдар күнү

Балдар биздин келечегибиз

1-июнь – Балдардын Эл аралык коргоо күнү менен Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Абдибалиев куттуктап, аларга жашоодо ар дайым күлүп, кубанычта жүрүп, асмандары ачык, ден соолуктары чың болуп, Ата-энеңердин сүйүүсүнө, камкордугуна бөлөнүп, бактылуу балалыкта өмүр сүрүшүн каалады. Андан сырткары, Ата-энелерге — балдарыңыздын бактылуу күлкүсү сиздерди чарчатпасын. Алардын ар бир ийгилигине сыймыктанып жүрүүсүнө тилектештигин билдирди.

Акыркы коңгуроо

Акыркы коңгуроо

2026-жылдын 29-май күнү Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Абдибалиев Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Т. Кочубаев атындагы орто мектепте өткөн “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө айыл өкмөт башчысы мектеп бүтүрүүчүлөрүн майрамы менен куттуктап, алардын келечектеги окууларына жана эмгек жолуна ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, бүтүрүүчүлөрдү тарбиялап, билим берген мугалимдерге жана мектеп жамаатына терең ыраазычылык билдирип, ыракматтын

Жоокерлер1

Чек арачылар күнү белгиленди

28-май Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата өкмөт башчы Тынчтыкбек Абдибалиев “Кара-Багыш” жөө өткөрмө пунктунун аскерлерин жеринде куттуктап, Мамлекеттин чек араны күзөтүп, элибиздин тынчтыгын сактаган, коопсуздугун коргоп келе жаткан аскерлерге ыраазычылык билдирүү менен, аларга бекем ден соолук, чыдамкайлык, үй-бүлөлөрүнө тынчтык жана бакыт каалады. Чек ара – бул Мекендин намысы. Ошол намысты

Ш.Маматова

Иш кагаздарды туура жазуу

Араван райондук мамлекеттик архивинин башчысы Ш.Маматованын катышуусунда, Чек-Абад айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага” ылайык каттарды туура жазуу боюнча окуу-семинар өткөрүлүп, практикалык жардамдар көрсөтүлдү.   

Элден түшкөн суроо талаптарды аткаруу

Чек-Абад айылдык аймагынын тургундары менен болгон элдик жолугушууларда, эл тарабынан көтөрүлгөн маселелер боюнча айыл ичиндеги ички жолдордогу эскилиги жеткен трубалар алмаштырылды.

Энелер күнү белгиленди

2026-жылдын 19-май күнү Чек-Абад айыл аймагына караштуу айылдык маданият үйүндө Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Абдибалиев катышып, жалпы энелерди майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө энелердин үй-бүлөдөгү жана коомдогу орду өзгөчө экенин белгилеп, алардын мээрими, ак эмгеги жана тарбиясы ар дайым жогору бааланарын айтты. Иш-чаранын жүрүшүндө энелерге

Арык

Ички арыктарды тазалоо иштери жүрүүдө

Чек-Абад айылдык аймагына караштуу айылдарда 3-4-категориядагы арыктар жергиликтүү тургундардын катышуусунда ашар жолу менен тазаланып, ирригациялык абал жакшыртылды. Арык тазалоо иштери жер-жерлерде уланып жатат. Мындай иштер дыйканчылыкка чоң өбөлгө түзөт.

Жаңы соода борбору ачылды

Чек-Абад айыл аймагынын Кочубаев айылынын борборунда жеке ишкер тарабынан “Шукрона” соода борбору ачылды. Бул соода борборунда арзан баадагы азык-түлүк жана башка товарлары сатылып, жарандардын ыңгайлуу соода кылышына шарт түзүлдү.

Футбол4

Спорт- ден соолуктун булагы

Нооруз майрамына карата кичи футбол мелдеши өткөрүлдү. Чек-Абад айыл аймагынын жаштары арасында кичи футбол турнири уюштурулуп, жеңуучүлөргө айыл өкмөтүнүн атынан акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан ары дагы спортту колдоо максатында бир топ иш-чаралар мерчемделип жатат.

Жол2

Ички жолдорду оңдоо

Айыл ичиндеги асфальт төшөлбөгөн жолдор грейдердин жардамы менен сүрдүрүлүп, тегизделди. Бул өз кезегинде жол кыймылын жеңилдетип, тургундардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.

Scroll to Top