Өкмөт башчы Т.Ш. Абдибалиев Чек-Абад айылдык аймагындагы бардык билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барып, алардын учурдагы абалы менен таанышып келди.
Иш сапардын жүрүшүндө билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасы, жылуулук системасы, санитардык абалы жана окуу-тарбия процесси каралды. Ошондой эле мугалимдер жана тарбиячылар менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин угуп, көйгөйлүү маселелер боюнча талкуу жүргүзүлдү.
Айыл өкмөтү тарабынан билим берүү тармагын колдоо, шарттарды жакшыртуу жана балдардын сапаттуу билим алуусуна өбөлгө түзүү багытында тиешелүү иштер улантылары белгиленди.

