Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтү

Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтү

Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтү

Март 2026

Жаңы соода борбору ачылды

Чек-Абад айыл аймагынын Кочубаев айылынын борборунда жеке ишкер тарабынан “Шукрона” соода борбору ачылды. Бул соода борборунда арзан баадагы азык-түлүк жана башка товарлары сатылып, жарандардын ыңгайлуу соода кылышына шарт түзүлдү.

Футбол4

Спорт- ден соолуктун булагы

Нооруз майрамына карата кичи футбол мелдеши өткөрүлдү. Чек-Абад айыл аймагынын жаштары арасында кичи футбол турнири уюштурулуп, жеңуучүлөргө айыл өкмөтүнүн атынан акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан ары дагы спортту колдоо максатында бир топ иш-чаралар мерчемделип жатат.

Жол2

Ички жолдорду оңдоо

Айыл ичиндеги асфальт төшөлбөгөн жолдор грейдердин жардамы менен сүрдүрүлүп, тегизделди. Бул өз кезегинде жол кыймылын жеңилдетип, тургундардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.

Аталар4

15-март-Аталар күнү

15-март – Аталар күнүнө карата Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Абдибалиев айыл аймактагы жашы улуу жана кадырлуу аталарды атайын зыярат кылып, майрамы менен чын жүрөктөн куттуктады. Бул жолугушуу урмат-сыйдын, муундар ортосундагы байланыштын жана ата-бабаларыбыздын нарк-насилин даңазалоонун жаркын үлгүсү болду. Аталарга бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлөрүнө бакыт-таалай каалайбыз!

Жайыт3

Жайытка кетчүү жолдорду тазалоо

Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Шор-Булак участогунда тазалоо иштери жүргүзүлүп, аймак толугу менен таштандылардан арылды. Жергиликтүү тургундардын жана кызматкерлердин биргелешкен аракети менен айлана-чөйрө иретке келтирилди. Таза айлана – ден соолуктун жана келечектин кепилдиги! Ар бирибиз өз айылыбыздын тазалыгына кайдыгер карабай, сактоого салым кошолу.  

Жарыя

Кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурс жарыялоо жөнүндө

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн башкы жана улук топтогулар боюнча ачык конкурс жарыяланат. Маалымат алуу үчүн 0550851225 номуруна кайрылсаңыздар болот. https://kyzmat.gov.kg/ru/vacancies/7771 Буйрук резервге кирүү пдф (1)  

1

Эл аралык аялдар күнүңүздөр менен!

Урматтуу айымдар! Бүгүнкү майрамыңыздар менен Сиздерди чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздер – бул үй-бүлөнүн, коомдун жана өлкөнүн келечегисиздер! Аялдар – бул жашообуздун гүлү, сулуулугу жана мааниси! Сиздерге чексиз сүйүү жана урмат көрсөтөбүз!      

Scroll to Top