Бүгүн Араван районунда Ооган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө согушта курман болгон жоокерлердин жаркын элесине таазим кылынып, өчпөс отко гүл чамбарлар коюлду. Баатырлардын урматына куран окутулуп, алардын каармандыгы эскерилди. Андан сырткары, Чек-Абад айыл аймагынан барган Ооган согушунун катышуучуларына айыл өкмөтү тарабынан акчалай жардам көрсөтүлдү.

