Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтү

Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтү

Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтү

Билим берүү уюмдары менен таанышуу

Өкмөт башчы Т.Ш. Абдибалиев Чек-Абад айылдык аймагындагы бардык билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барып, алардын учурдагы абалы менен таанышып келди.

Иш сапардын жүрүшүндө билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасы, жылуулук системасы, санитардык абалы жана окуу-тарбия процесси каралды. Ошондой эле мугалимдер жана тарбиячылар менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин угуп, көйгөйлүү маселелер боюнча талкуу жүргүзүлдү.

Айыл өкмөтү тарабынан билим берүү тармагын колдоо, шарттарды жакшыртуу жана балдардын сапаттуу билим алуусуна өбөлгө түзүү багытында тиешелүү иштер улантылары белгиленди.

Бала бакча Т.Абдибалиев Мектеп2 Бала бакча1 Мектеп1 Мектеп

Scroll to Top