Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтү

Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтү

Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтү

Май 2026

Акыркы коңгуроо

Акыркы коңгуроо

2026-жылдын 29-май күнү Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Абдибалиев Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Т. Кочубаев атындагы орто мектепте өткөн “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө айыл өкмөт башчысы мектеп бүтүрүүчүлөрүн майрамы менен куттуктап, алардын келечектеги окууларына жана эмгек жолуна ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, бүтүрүүчүлөрдү тарбиялап, билим берген мугалимдерге жана мектеп жамаатына терең ыраазычылык билдирип, ыракматтын […]

Жоокерлер1

Чек арачылар күнү белгиленди

28-май Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата өкмөт башчы Тынчтыкбек Абдибалиев “Кара-Багыш” жөө өткөрмө пунктунун аскерлерин жеринде куттуктап, Мамлекеттин чек араны күзөтүп, элибиздин тынчтыгын сактаган, коопсуздугун коргоп келе жаткан аскерлерге ыраазычылык билдирүү менен, аларга бекем ден соолук, чыдамкайлык, үй-бүлөлөрүнө тынчтык жана бакыт каалады. Чек ара – бул Мекендин намысы. Ошол намысты

Ш.Маматова

Иш кагаздарды туура жазуу

Араван райондук мамлекеттик архивинин башчысы Ш.Маматованын катышуусунда, Чек-Абад айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага” ылайык каттарды туура жазуу боюнча окуу-семинар өткөрүлүп, практикалык жардамдар көрсөтүлдү.   

Элден түшкөн суроо талаптарды аткаруу

Чек-Абад айылдык аймагынын тургундары менен болгон элдик жолугушууларда, эл тарабынан көтөрүлгөн маселелер боюнча айыл ичиндеги ички жолдордогу эскилиги жеткен трубалар алмаштырылды.

Энелер күнү белгиленди

2026-жылдын 19-май күнү Чек-Абад айыл аймагына караштуу айылдык маданият үйүндө Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Абдибалиев катышып, жалпы энелерди майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө энелердин үй-бүлөдөгү жана коомдогу орду өзгөчө экенин белгилеп, алардын мээрими, ак эмгеги жана тарбиясы ар дайым жогору бааланарын айтты. Иш-чаранын жүрүшүндө энелерге

Scroll to Top