Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Шор-Булак участогунда тазалоо иштери жүргүзүлүп, аймак толугу менен таштандылардан арылды. Жергиликтүү тургундардын жана кызматкерлердин биргелешкен аракети менен айлана-чөйрө иретке келтирилди.
Таза айлана – ден соолуктун жана келечектин кепилдиги! Ар бирибиз өз айылыбыздын тазалыгына кайдыгер карабай, сактоого салым кошолу.

