2026-жылдын 19-май күнү Чек-Абад айыл аймагына караштуу айылдык маданият үйүндө Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Абдибалиев катышып, жалпы энелерди майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө энелердин үй-бүлөдөгү жана коомдогу орду өзгөчө экенин белгилеп, алардын мээрими, ак эмгеги жана тарбиясы ар дайым жогору бааланарын айтты. Иш-чаранын жүрүшүндө энелерге жакшы каалоо-тилектер айтылып, майрамдык маанай тартууланды.

