15-март – Аталар күнүнө карата Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Абдибалиев айыл аймактагы жашы улуу жана кадырлуу аталарды атайын зыярат кылып, майрамы менен чын жүрөктөн куттуктады.
Бул жолугушуу урмат-сыйдын, муундар ортосундагы байланыштын жана ата-бабаларыбыздын нарк-насилин даңазалоонун жаркын үлгүсү болду. Аталарга бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлөрүнө бакыт-таалай каалайбыз!

