Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтү

Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтү

Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтү

Жаңылыктар

Эстелик

Ооганчыларга таазим

Бүгүн Араван районунда Ооган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө согушта курман болгон жоокерлердин жаркын элесине таазим кылынып, өчпөс отко гүл чамбарлар коюлду. Баатырлардын урматына куран окутулуп, алардын каармандыгы эскерилди. Андан сырткары, Чек-Абад айыл аймагынан барган Ооган согушунун катышуучуларына айыл өкмөтү тарабынан акчалай жардам көрсөтүлдү.

Т.Абдибалиев

Билим берүү уюмдары менен таанышуу

Өкмөт башчы Т.Ш. Абдибалиев Чек-Абад айылдык аймагындагы бардык билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барып, алардын учурдагы абалы менен таанышып келди. Иш сапардын жүрүшүндө билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасы, жылуулук системасы, санитардык абалы жана окуу-тарбия процесси каралды. Ошондой эле мугалимдер жана тарбиячылар менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин угуп, көйгөйлүү маселелер боюнча талкуу жүргүзүлдү. Айыл

Элдик жыйын Чек-Аабд айыл өкмөтү

Элдик жыйын

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Абдибалиев айыл аймактагы бардык айылдардын тургундары менен элдик жыйындарды өткөрдү. Жыйындардын жүрүшүндө айыл тургундары тарабынан айылдардагы көйгөйлүү маселелер, социалдык-экономикалык жактан өнүгүү багыттары жана алдыдагы иш-пландар талкууланды. Андан сырткары, тургундар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерин угуп, көтөрүлгөн суроолор боюнча тиешелүү иш-чаралар планы түзүлдү. Элдик жыйындардын негизги максаты-калк менен түз байланыш түзүү, жергиликтүү маанидеги

Буйрук коррупция 2025-2030 иш чара-коррупция 2020-2030

Scroll to Top