Ички жолдорду оңдоо
Айыл ичиндеги асфальт төшөлбөгөн жолдор грейдердин жардамы менен сүрдүрүлүп, тегизделди. Бул өз кезегинде жол кыймылын жеңилдетип, тургундардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.
Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтү
Айыл ичиндеги асфальт төшөлбөгөн жолдор грейдердин жардамы менен сүрдүрүлүп, тегизделди. Бул өз кезегинде жол кыймылын жеңилдетип, тургундардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.
15-март – Аталар күнүнө карата Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Абдибалиев айыл аймактагы жашы улуу жана кадырлуу аталарды атайын зыярат кылып, майрамы менен чын жүрөктөн куттуктады. Бул жолугушуу урмат-сыйдын, муундар ортосундагы байланыштын жана ата-бабаларыбыздын нарк-насилин даңазалоонун жаркын үлгүсү болду. Аталарга бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлөрүнө бакыт-таалай каалайбыз!
Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Шор-Булак участогунда тазалоо иштери жүргүзүлүп, аймак толугу менен таштандылардан арылды. Жергиликтүү тургундардын жана кызматкерлердин биргелешкен аракети менен айлана-чөйрө иретке келтирилди. Таза айлана – ден соолуктун жана келечектин кепилдиги! Ар бирибиз өз айылыбыздын тазалыгына кайдыгер карабай, сактоого салым кошолу.
Чек-Абад айыл өкмөтүнүн административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн башкы жана улук топтогулар боюнча ачык конкурс жарыяланат. Маалымат алуу үчүн 0550851225 номуруна кайрылсаңыздар болот. https://kyzmat.gov.kg/ru/vacancies/7771 Буйрук резервге кирүү пдф (1)
Урматтуу айымдар! Бүгүнкү майрамыңыздар менен Сиздерди чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздер – бул үй-бүлөнүн, коомдун жана өлкөнүн келечегисиздер! Аялдар – бул жашообуздун гүлү, сулуулугу жана мааниси! Сиздерге чексиз сүйүү жана урмат көрсөтөбүз!
Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Д.Ж. Эркимбаевдин тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын 28-февраль күнү райондун санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү, калктын экологиялык маданиятын жогорулатуу жана аймактарды иретке келтирүү максатында Чек-Абад айылдык аймагында ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликтин жүрүшүндө айыл аймактагы мектептердин, бала бакчалардын, ооруканалардын жана башка социалдык имараттын айланасы тазаланып, бак-дарактардын иретке келтирилишип, актоо иштери жүргүзүлдү.
Жазгы талаа жумуштарынын башталышына байланыштуу алдын ала түзүлгөн графикке ылайык Чек-Абад айылдык аймагынын дыйкан-фермерлери менен кеңири форматтагы жыйын өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө дыйкандарга күйүүчү майды жеңилдетилген баада алуу, арзан үрөөндөр, минералдык жер семирткичтер боюнча түшүндүрүү иши жүргүзүлүп, 2026-жылга карата сугат суунун тарифтери жана суу алуу тартиби боюнча маалымат берилди.
Араван райондук электр тармактар ишканасы тарабынан Чек-Абад айылдык аймагынын Кочубаев айылындагы борбордук көчөлөрүнүн электр мамычаларын алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Андан сырткары, жакынкы күндөрү жергиликтүү бюджеттин эсебинен дагы эскилиги жеткен электр мамычаларын жаңылоо иштери жүргүзүлөт.
Бүгүн Араван районунда Ооган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө согушта курман болгон жоокерлердин жаркын элесине таазим кылынып, өчпөс отко гүл чамбарлар коюлду. Баатырлардын урматына куран окутулуп, алардын каармандыгы эскерилди. Андан сырткары, Чек-Абад айыл аймагынан барган Ооган согушунун катышуучуларына айыл өкмөтү тарабынан акчалай жардам көрсөтүлдү.